Мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттун өкүмү бүгүн, 27-ноябрда чыкты.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Улан Саляновду өлтүрүүгө айыпталган Эрмек Осмонкуловду 18 жыл эки айга, ал эми экинчи шектүү Асанэмир Абыкуловду 15 жылга эркинен ажыратты. Ал эми үчүнчү шектүү Заур Насруллаев тууралуу сөз болгон жок.
Прокуратура кылмышка шектүүлөрдү өмүр бою эркинен ажыратууну сураган.