Абдил Сегизбаев: Садыр Жапаров жана Өмүрбек Текебаевдин ишинде саясий мотив жок болчу

Окуялар тизмеги 24 Ноя 2020 12:52
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев өзү кызматта турган мезгилде камалган саясатчылар Садыр Жапаров жана Өмүрбек Текебаевдин ишинде саясий мотив жок болчу деп билдирди.

Ал мындай пикирин SUPER TV каналына курган маегинде айтты. Сегизбаев журналисттин “2017-жылы президенттик шайлоо алдында бийликке саясий курал болуп калган жоксузбу?” деген суроосуна мындай жооп берди.

“Биз өзүбүздүн милдетибизди аткарып жаттык. Эгерде колуңда «камалсын» деген соттун чечими болсо сен милдетиңди аткарасыңбы же саясат жөнүндө ойлоносуңбу? Ошол учурда өз милдетимди аткарбасам, мен арызымды жазып кетишим керек эле. Мен үчүн Садыр Жапаров саясатчы эмес болчу. Мен үчүн Садыр Жапаров бирөөнүн тапшырмасы менен Кыргызстанга өзүнүн максаттарын ишке ашырам деп кирип келген адам болчу. Экинчиден күнөөсүн аныктаган соттун чечими бар болчу. Текебаев боюнча. Ал мен үчүн президенттик кызматка талапкер эмес болчу. УКМКда козголгон иш бар болчу, ошол иш менен иш алып бардык”, — деди Сегизбаев.

Аты аталган эки саясатчы тең өздөрүнүн Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин учурунда камалып, кесилишин саясий куугунтук деп баалап келатышат.

Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду тил кат менен бошоткон. Октябрь окуяларынан кийин БШК Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып берген.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.