Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны 25-ноябрда өтөт, анда бир катар маанилүү маселелел каралат

Окуялар тизмеги 23 Ноя 2020 10:08
0 ой-пикир

25-ноябрда саат 10:00дө Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтөрүн, парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Ализа Карыпбековна Солтонбекованы дайындоого жактыруу үчүн Премьер-министрдин сунушу (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет);

2. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору(депутаттар________ жөнүндө)(Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);

3.“Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамга, Турак жай кодексине, Жер кодексине) Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Конушбаев Т.К., Чойбеков Р.Н., Кыдыралиев У.Т., Алимбеков Н.К., Тотонов Н.Т., Баймуратов К.Ш., Ормонов У.З., Жутанов А.Т.) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет);

4. “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 30.10.20дагы № 529 токтом) (Бюджет жана финансы боюнча комитет);

5. “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 30.09.20дагы № 505 токтом) (бардык комитеттер);

6. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору(биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – депутат Маматалиев М.А.) (Бюджет жана финансы боюнча комитет).

Cүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.