«Жал» кичирайонунда жылуулук токтотулду,- Мэрия

Окуялар тизмеги 13 Ноя 2020 13:04
0 ой-пикир

Бүгүн, 13-ноябрда борбор калаадагы «Жал» кичирайонунда жылуулук жок болот. Бул туурасында мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгында авариялык иштер жүрүп жаткандыктан, «Бишкек жылуулук энерго» ишканасы «Жал» кичирайонунун жашочуларына жылуулукту ысык суу түрүндө берүүнү токтоууга аргасыз болууда. Жылуулук берүү авариялык иштер аяктаган соң калыбына келтирилет.

Мэрия келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.