Самат Кылжыевдин кармалганы кабарланды

Окуялар тизмеги 12 Ноя 2020 08:12
0 ой-пикир

Бишкекте кыргыз өкмөтүнүн аппаратынын мурдагы башчысы Самат Кылжыевдин кармалганы кабарланды. Мындай маалыматты «Азаттыкка» ишенимдүү булактар кабарлаганын жазды.

Маалыматка ылайык, Кылжыев сурактан кийин кармалган. Бирок Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети расмий түрдө Кылжыевдин кармалганы жөнүндө маалымат тарата элек.

Айрым маалымат каражаттары Самат Кылжыевдин үйүндө тинтүү болгонун жазып чыгышты.

Буга чейин Кылжыев «Скай Мобайл» компаниясына берилген радио жыштык боюнча иштин алкагында сурак берип жүргөнү кабарланган.

Эске салсак, 7-ноябрда Самат Кылжыевдин өлкө жетекчилигине бул иш боюнча тергөөнү тездетүүнү суранган кайрылуусу жарыяланган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.