Нарын облусунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 370 тонна көмүр таратылып берилди

Окуялар тизмеги 09 Ноя 2020 16:34
0 ой-пикир

Кечээ, 8-ноябрь күнү Нарын облусунда жана шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 370 тонна көмүр таратылып берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр “Ассалам” фонду тарабынан таратылып берилген. Көмүрдү 904 үй-бүлө алып, алардын ар бирине 7ден кап көмүр берилген.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Сабыркул Ашымбаевдин айтымында, жакында облустагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 600 тонна көмүр таратылат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.