Милиция кызматкерлери үчүн салынган көп кабаттуу турак үйдүн ачылышына Садыр Жапаров катышты

Окуялар тизмеги 09 Ноя 2020 16:19
0 ой-пикир

Президенттин милдетин убактылуу аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Нарын шаарында милиция кызматкерлери үчүн салынган көп кабаттуу турак үйдүн ачылышына катышты.

Иш-чаранын башында ички иштер министри, милициянын полковниги Улан Ниязбеков турак үй боюнча жалпы маалымат берип өттү. Садыр Жапаров милиция кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөрүн билдирип, милиция кызматкерлерине батирлердин ачкычын тапшырды.

Көп кабаттуу турак үйдө жалпы 60 батир бар.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.