Президенттин милдетин убактылуу аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Нарын шаарында милиция кызматкерлери үчүн салынган көп кабаттуу турак үйдүн ачылышына катышты.

Иш-чаранын башында ички иштер министри, милициянын полковниги Улан Ниязбеков турак үй боюнча жалпы маалымат берип өттү. Садыр Жапаров милиция кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөрүн билдирип, милиция кызматкерлерине батирлердин ачкычын тапшырды.
Көп кабаттуу турак үйдө жалпы 60 батир бар.


