Белгилүү инсандарды бириктирген иш-чара

Окуялар тизмеги 08 Ноя 2020 10:11
0 ой-пикир

7-8-ноябрь Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күнүнө байланыштуу президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров, экс-президенттер Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баш болгон бийлик өкүлдөрү «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барып, куран окутушту.

Алар 1916-жылдагы окуяга арналган мемориалга, саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелигине, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине жана 2010-жылдагы апрель окуясында курман болгондордун бейиттерине гүл коюшту.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.