Жогорку Кеңештин имаратын депутаттар өздөрү оңдосун деген демилге сунушталды

Окуялар тизмеги 05 Ноя 2020 14:15
0 ой-пикир

Жогорку Кеңеште 6-октябрдагы тополоңдо талкаланган парламент имаратынын чыгымын эсептөө боюнча мекеме аралык комиссия түзүлдү. Ал комиссияны вице-спикер Мирлан Бакиров жетектейт. Төрага Талант Мамытов имарат ичиндеги кеңселерди депутаттар өздөрү оңдосун деген демилге бар экенин билдирди.

«Жалпы чыгым аныкталып бүткөндөн кийин канчасын өзүбүздүн кызматташтар оңдойбуз деп демилге кылып жатышат. Макул болгон депутаттарга өз кеңселерин оңдоого берип, эртерээк ишке чыгабыз. Ошол эле учурда оңдоп берели деген демөөрчүлөр да чыгып жатат», — деди Мамытов.

Бишкекте 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы нааразылык акциясы өтүп, 6-октябрга караган түнү президенттин жана парламенттин имараты талкаланган. Депутат Акылбек Жапаров оңдоо иштерине 450 миллион сом кетерин айткан, бирок кийин президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров анын сөзүн четке кагып, 10 миллион сомго жетпеген акча талап кылынарын билдирген.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.