Жалал-Абад криминалдык милиция кызматы тарабынан 4 кг жакын баңгизат алып жүргөн жаран кармалды

Окуялар тизмеги 05 Ноя 2020 16:24
0 ой-пикир

Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан белгисиз атуул баңгизатын көтөрүп жүргөндүгү тууралуу маалыматтар алынып, алынган маалымат Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне катталган жана анын негизинде ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган.
Ыкчам маалыматтын негизинде, 2020-жылдын 4-ноябрь күнү саат 14-00 чамасында Жалал-Абад шаарынын Курманбек жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде, №10 Жазаларды аткаруу мекемесинин жанында Базар-Коргон районунун тургуну 1999-жылы туулган М.Д. текшерүүгө алынган. Текшерүү учурунда ал көтөрүп жүргөн асынма сумкасынын ичинен 3 кг 860 гр «гашиш» баңгизатына окшош, өзгөчө жыты бар маңзат алынып, М.Д. Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Аталган кылмыш иши боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Учурда тергөө амалдары уланууда.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.