“Лампочкам” деп Садыр Жапаровду эркелеткен айым Майлуу-Суу лампа заводунда эмгектенген

Окуялар тизмеги 05 Ноя 2020 16:08
0 ой-пикир

Жалал-Абадда эл менен жолугушууга барган Садыр Жапаровду “Лампочкам” деп эркелетип сүйлөп коомчулуктун талкуусун жараткан апанын ким экенин билүүгө кызыккандар арбын.

 “Садага болоюн, Садыр, мени карап кой, ананайын чырагым, лампочкам”-деп жалынып сүйлөгөн Кара-Көл айылынын тургуну Гүлнара Назаркулова аттуу байбиче менен «Супер инфо» порталынын кабарчылары байланышканда бул сөздөрдү күнүмдүк турмушунда тынбай айта турганын билдирген. Кызыгы ал жаш кезинде Майлуу-Суу лампа заводунда эмгектенген.

Гүлнара айым бардык эле балдарын «чырагым», «лампочкам» деп эркелетип кайрыла турганын билдирип,  бирок минтип тез эле телефондо таанымал болуп кетерин билбегенин айткан.

 Балким чын эле туңгуюкка кептелген элге, Садыр Жапаров жарык чача турган лампочкадай туюлуп жаткандыр?! Эң башкысы эл мүдөсү аткарылса болгону. Мурдагы президенттер эл менен жолугушканда мындай масштабда уюштурулбаганын да моюнга алуу керек. Чынында эл президент менен баарлашканга суусап калгандай, ар ким проблемаларн айтып, айланасында болуп жаткан адилетсиздиктерди бир сыйра айтып, бул бийликтин элге болгон таасирин байкагысы келет.


Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.