Кытай Кыргызстан менен жүк ташууну көбөйтүү үчүн бир катар талаптарын койду

Окуялар тизмеги 05 Ноя 2020 15:42
0 ой-пикир

Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-ноябрда Бажы кызматынын борбордук аппаратында ишкерлер менен жолугушуу өткөн. Ага мекеменин төрагасы Кадыржан Семетеев, экономика министринин орун басары Элдар Алишеров, Нарын облусунун башчысынын биринчи орун басары жана Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү катышкан.

“Анда тышкы экономикалык ишмердүүлүктү аркалагандарга 3-ноябрда кытай тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле кыргыз тарап Торугарт өткөрүү пунктунун ишин саат 9:00дөн 18:00гө чейин узартууну сунуштаганы боюнча кабардар болушту”, — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Кытай бир нече талап койгон:

  • транспорт каражаттарынын жана чиркегичтердин санитардык-техникалык абалын сактоо;
  • бузулган жана эски унаалардын ишине жол бербөө;
  • жүктөрдү өткөрүп жатканда транспорт каражаттарынын техникалык параметрлеринин дал келишин эске алуу;
  • Кытай компанияларынын Кыргызстандагы коопсуздугун камсыз кылуу.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.