Талант Мамытов төрага болуп шайланды

Окуялар тизмеги 04 Ноя 2020 13:57
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин 4-ноябрдагы жыйынында «Республика — Ата Журт» фракциясынын мүчөсү, депутат Талант Мамытов төрага болуп шайланды. Анын талапкерлигин 100 депутат колдоп, бир депутат каршы добуш берди. Добуш берүү бюллетень салуу аркылуу өттү. Анын жыйынтыгын эсептөө комиссиясынын төрагасы, депутат Марлен Маматалиев жыйында жарыялады.

Буга чейин ушул эле күнкү жыйында Канатбек Исаев президенттик шайлоого талапкер болуп жаткандыгына байланыштуу төрагалык кызматтан баш тартканын жарыялаган. Өткөн аптада Канатбек Исаевди төрагалыктан кетирип, ордуна Талант Мамытовду коюу боюнча депутаттар кол топтоп жатканы кабарланган.

Талант Мамытов — президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун саясаттагы эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири.

Мыйзам боюнча президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров президенттикке талапкер болуп калса, анын ордуна спикер президенттин милдетин аткарып калат.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.