ШКУга мүчө мамлекеттердин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү укугуна ээ болгон компетенттүү органдарынын жетекчилеринин 10-кеңешмеси өткөрүлдү

Окуялар тизмеги 04 Ноя 2020 12:24
0 ой-пикир

2020-жылдын 3-ноябрында видеоконференция режиминде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү укугуна ээ болгон, компетенттүү органдарынын жетекчилеринин онунчу кеңешмеси өткөрүлдү.
Кеңешмеге Индия Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча бюросунан Б.Радхика, Казакстан Республиксынын Ички иштер министрлигинен Т.С.Маткенов, Кытай Эл Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча Улуттук комитетинен Ма Яньчунь, Кыргыз Республиксынын Ички иштер министрлигинен Б.А.Матмусаев, Пакистан Ислам Республикасынын Баңги каражаттарды контролдоо боюнча министрлигинен У.Ф.Хаят, Тажикстан Республикасынын Президентине караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча агенттигинен М.Хайдарзода, Өзбекстан Республикасынын Министрлигинин Кабинетине караштуу баңгизаттарды контролдоо боюнча Улуттук аналитикалык борборунан А.А.Эркабаев катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө ынтымактуу жана конструктивдүү тараптар ШКУга мүчө мамлекеттердеги баңгизаттарга байланыштуу кырдаал, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташуунун өнүгүү перспективасы, аталган мамлекеттердин баңгизаттарга каршы ведомстволорунун практикалык өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө тууралуу ой-пикирлерин алмашышты.
Ошондой эле тараптар эл аралык баңгилик коркунуч, баарынан мурда аймактык жана эл аралык коопсуздукка жана туруктуулукка олуттуу коркунуч жаратуучу, баңги каражаттарды өндүрүүнүн кескин түрө өсүшүнө, синтетикалык баңгизаттарды өндүрүүнүн жана анын контрабандасынын өлчөмүнүн көбөйүү коркунучуна тынчсызданууларын билдиришти.
Мындан сырткары, тараптар заманбап маалыматтык- телекоммуникациялык жана электрондук финансылык аспаптарды укукка каршы ишмердүүлүктө колдонуу улуттук, аймактык жана глобалдык коопсуздукка терс таасирин тийгизип жаткандыгы менен макул болушуп, мындан ары БУУнун жана башка эл аралык баңгизаттарга каршы форумдардын алкагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү жалпы позицияларды коргоп туруу ниеттерин билдиришти.
Андан сырткары, ШКУга мүчө мамлекеттердин 2018-2023-жылдарга Баңгизаттарга каршы стратегиясын аткаруу боюнча аракет планын ишке ашыруу тууралуу жумушчу планын (2019-2020-ж.ж.) аткаруунун жүрүшун карап чыгышып, кийинки мезгилге жумушчу планды иштеп чыгып, кабыл алуу тууралуу макулдашты.

ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.