COVID-19 оорусу 495 кишиден аныкталып, 4 адам каза болду

Окуялар тизмеги 04 Ноя 2020 11:00
0 ой-пикир

Акыркы суткада коронавирус илдетине кабылган төрт киши каза болду. Алардын үчөө Бишкектин, бирөө Баткен облусунун тургуну болушкан. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүү боюнча Республикалык штаб кабарлады. 4-ноябрга карата COVID-19 оорусу 495 кишиден аныкталды. Илдетке чалдыккандардын көпчүлүгү Бишкек шаарында, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Ош облустарында катталууда.

Маалыматка караганда илдетке чалдыккандардын ичинен 527 киши сакайып чыкты.

Саламаттык сактоо министрлиги октябрь айында митингдердин, чогулуштардын, той-топурлардын көптүгү, сасык тумоонун күчөшү менен COVID-19 вирусу да арбыганын билдирип, элди санитардык нормаларды сактоого чакырууда.

Октябрдын ортосунан тарта 118 ыкчам кеңеш берүү кызматы жана мобилдик бригадалар иштеп, айрым ыктыярчылар медициналык жардам берүүнү баштады.

Кыргызстанда март айынан бери коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 60 774 болду, каза тапкандар — 1163.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.