ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 700 грамм гашиш алып бараткан жаранды кармашты

Окуялар тизмеги 03 Ноя 2020 16:50
0 ой-пикир

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн атайын ыкчам иликтөө жана тергөө иш чаралардын натыйжасында 1-ноябрь күнү болжол менен саат 17:00 чамаларында Чүй облусунун “Сосновка” постунан шектүү катары 1994-ж.т., Ы уулу Б., кармалып, ага өздүк тинтүү жүргүзүү учурунда жанынан 700 граммды түзгөн зат табылып алынган.

Соттук химиялык изилдөөнүн корутундусунун негизинде алынган каражат “”гашиш” баңгизаты деп аныкталган. “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен көрсөтүлгөн белгилер менен сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

“Белгилей кетсек 700 грамм гашиш болжол менен 2 800 дозанын түзүп, кармалган баңгизаттардын партиясы көмүскө базарына кирип кетсе, республика аймагындагы үч миңге жакын жаштар баңгизаттарга көз каранды болуп калмак”,-деп билдирет ИИМ БМЖККК Басма сөз кызматы.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.