Улан Ниязбеков: “Милиция элдин алдында кесипкөйлүк жана адамгерчилик жактан жогорку баага арзышы керек”

Окуялар тизмеги 02 Ноя 2020 14:08
0 ой-пикир

-Улан Омоканович, маегибизди ток этеринен эле баштасак, жаңы жетекчи ишти эмнеден баштады? Алдыңкы аралыкта Ички иштер органдарында кандай реформалар жасалат?

-Мен сурооңузга түз жана так жооп берейин. Алгач эле ишти ички иштер тармагын заман талабына шайкеш реформалоо, коомдук тартипти кынтыксыз камсыз кылуу жана кылмыштуулукту азайтуу, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү, ички тартипти чыңдоо, милиция кызматкерлерине социалдык жактан кам көрүү жана кесипкөй кадрларды даярдоо багыттарында баштоого батыл кадам таштадым.  Ошондой эле коомдук кеңеш жана жарандык коомчулук менен  биргеликте реформалык аракеттерди ишке ашырууну да максаттадык.

Арийне, мен өзүм ички иштер министрлигинде көптөгөн жылдар бою иштегендигиме байланыштуу ИИОнун ишмердүүлүүгүн эң жакшы билемин. Ооба, бүгүнкү учурда да биз чече турган маселелер жетиштүү.

Жакында ички иштер министрлигинин ыкчам онлайн — кеңешмесин өткөрүп, учурдагы кылмыштуулуктун ал абалына анализ жасап, кыска мөөнөттө жана узак мөөнөттө аткарыла турган иш мерчемдерди бекиттик. Анда, коомчулук тарабынан кызуу талкуу жараткан кылмыштардын бетинин ачылышы, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү, жарандардын коопсуздугун камсыздоо, кызматтык тартип боюнча көрүлүп жаткан чаралар, милиция тутумундагы коррупцияны алдын алуу жана милиция кызматкерлеринин ден соолугуна да өзгөчө көңүл буруу багыттары белгиленди.

Ошондой эле, кылмыштарды иликтөө жана анын бетин ачууга, кылмышкерлерди издөө, кылмыш иштерин калыс жана сапаттуу иликтөөгө, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү күчөтүү менен ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүгө багытталган ыкчам-тергөө иштерин күчөтүү боюнча тапшырма берилди. Андан сырткары, жол коопсуздугун камсыз кылуу менен жол-унаа кырсыктарын алдын алууга багытталган тиешелүү чараларды ишке ашыруу максаттарын көздөп жатабыз.

Биз учурда ИИМдин ишмердүүлүгүнө байланышкан мыйзамдарды кайрадан карап чыгып толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизебиз. Кылмыштарды болтурбоого байланышкан алдын алуу иштерин, кылмыш бетин ачууга жана тергөөгө багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө приоритеттүү кызматтардын жоопкерчилигин аныкташыбыз зарыл. Жогоруда мен айткан багыттарда ар кимисинин өз орду жана ролу жогору болуш керек. Бул жерде криминалдык милиция менен тергөө кызматынын иштөө принциптерин так аныктап иштин сапатын жогорку деңгээлге көтөрүү керектигин белгилеп жатабыз.

Милиция саясаттан тышкары турат. Тартип сакчыларынын жалпы жамааты ар кандай чагымчыл аракеттерге бөгөт коюп, саясаттан алыс болуп, биринчи кезекте өз элибизге, мамлекетибизге ак кызмат кылып, элдин ишеничин акташыбыз керек. Экинчиден катталган ар кандай тартип бузуулардын, кылмыштардын, жоруктардын бетин ачуу, анын ичинде оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча иштерди күчөтүү багыттарын да белгиледик.

-Кызматкерлердин ден соолугу демекчи, 5-6-октябрда жаракат алган кызматкерлерден кабар алдыңызбы?

-Сөзүмдүн башында эле баса белгилеп айта кетейин, 5-6-октябрдагы окуяларда жабыркаган кызматкерлерге жардам көрсөтүү максатында бардыгынын тизмеси такталып, маселеси аныкталып, аларга мыйзам чегинде жардам берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна жиберилди жана бул маселе чечилет деген терең ишеничтебиз.

Ооба, 5-6-октябрь күндөрү болгон окуяда жарадар болгон милиция кызматкерлерине барып жолугуп, алардын ал абалы менен таанышып келдим. Алардын ден соолугун чыңдоо үчүн бардык жардамдарды көрсөтүп жатабыз.

Ички иштер министри катары кызматкерлердин толук сакайып кетишине  болгон мүмкүнчүлүктөрдү жумшаарымды айтып, коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо боюнча кызматтык милдеттерин аткарган милиция кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирдим. ИИМдин Медициналык башкармалыгынын дарыгерлери милиция кызматкерлеринин ден соолугунун жакшырышына жана дарылануусуна бардык мүмкүнчүлүктөрдү жана шарттарды түзүп кызматкерлерге жакындан жардам берип жатышат.

-Айтсаңыз, реформа алкагында каржылык, кадрдык гана жаңылануулар эмес, милициянын кадыр-баркы жааты да колго алынабы?

-Коом өзгөрүп элдин милицияга болгон көз карашы да өзгөрүүгө багыт алды. Ал маанисин жоготпойт. Эл менен милициянын өз ара аракеттенүү мамилелерин өзгөртүү, ички иштер органдарынын кызматкерлерин баалоо критерийлерин коомдук пикирди эске алуу менен кайрадан карап чыгабыз. Милициянын ишмердүүлүгү жарандардын өзгөчө көңүлүндө турат.

Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча адам укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу биздин милдет.  Бул өзгөчө маанилүү. Милицияны реформалоо пландары албетте каржылык колдоолорду талап кылат, бирок биз  ички резервдерди пайдалануу багытын дагы карайбыз. Биз милициянын кадыр-баркын көтөрүүгө тийишпиз. Бүгүн коом да, мамлекет да милициянын жүрөк өйүткөн маселелерин токтоосуз чечүү зарылдыгы тууралуу бирдиктүү ой пикирде. Биз сөзсүз коомчулуктун да пикирин эске алабыз. Биз милицияны каржылоого, техникалык жабдуусун жакшыртууга жана жаңы инновациялык мүмкүнчүлүктөрдү киргизүүгө карата жигердүү иштеп жатабыз.

-Анда конкреттештирели, жеке демилгеңиз менен коомчулуктун ИИМге болгон ишеничин жогорулатуу боюнча кайсы багыттарда иштер жүрүп жатат?

-Бүгүнкү күндө милициянын кадыр баркын көтөрүүгө жана мага ишенип берилген коомдук тартипти сактоодогу бардык тапшырмаларды так жана акыйкат аткарууга практикалык тажрыйбам, кызматтык принциптерим жана тутунган багытым да жетиштүү. Биздин бирден бир максат элдин милицияга болгон ишенимин арттыруу. Милиция кызматкерлери элдин алдында кесипкөйлүк жана адамгерчилик жактан жогорку критерийлерге ээ болушу керек. Ошондой эле ички иштер органдарынын кызматтарында кызматтык тартипти бекемдөө менен кесиптик жана күжүрмөн даярдыкты үзгүлтүксүз жүргүзөбүз. Ушундай комплекстүү кадамдар милиция кызматкерлеринин профессионалдуу деңгээлин жогорулатып, учурдагы кылмыштуулук менен татыктуу күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Биздин милициянын биримдиктүү, натыйжалуу жана сапаттуу иши менен мамлекеттин туруктуулугу, адамдардын бейпилдиги, коомдук коопсуздук бекем сактала тургандыгын терең түшүнүшүбүз зарыл. Милициянын ишинин негизги көрсөткүчтөрүнүн бири бул элдин милицияга болгон ишеними. Аны биз күжүрмөн жана мыйзам чегиндеги эмгегибиз менен көрсөтүшүбүз керек.

-Улан Омоканович, быйыл Кыргыз милициясынын уюшулганына 96 жылдын жүзү болуп олтурат. Дегеле Кыргыз милициясы туурасында жеке оюңузду уксак…

-Өзүңүздөр жакшы билгендей, Кыргыз милициясы алгачкы уюшулган күндөн тарта мамлекетибиздин ички коопсуздугун сактоо, карапайым калктын бейпил жашоосун камсыз кылуу үчүн кызмат өтөп келе жатат.
Ооба, мамлекетибиздин уюткусу болуп, өлкөнүн ички тартибин, калкыбыздын бейпилдигин сактап келе жаткан Кыргыз милициясынын эл үчүн кызмат өтөй баштаганына быйыл 96 жылдын жүзү болуп отурат. Арийне, жыл өткөн сайын милициянын аткара турган иштери арбып баратканы ырас. Себеби, күн эмес саат санап алдыга карай өсүп бара жаткан заманда кылмыштуулуктун да заманбап түрлөрү жайылууда. Андыктан милиция да мезгил закымынан калышпай жаңыланып, ар кандай жаңы жагдайларга, кырдаалдарга адистешип, алардан артта калбай иш алып баруусу кажет. Демек, милиция дагы да тажрыйбаны арттыруу, билим казынасын толтуруу, мезгил тамырын кармай билүү өңдүү сапаттар менен жаңыланышы шарт. Ырасында элдин көпчүлүгү милициянын ишине кайдыгер эмес. Себеби, милициянын кесиби жөнөкөй жарандарыбыздан баштап, мамлекеттик жооптуу жетекчилердин көз кырында турган өтө жооптуу жана түйшүктүү кызмат.

Турмуш чындыгы ырастагандай  милициянын иш-аракети эч убакта жеңил болгон эмес, өлкөбүздүн аймактарында туруктуулукту, тынчтыкты камсыз кылууда, түн уйкудан калып кызмат кылган милиция кызматкерлеринин мээнети зор. Башканы айтпаганда да, быйыл Кыргыз жергесинде тарыхты жаңы барактан баштаган бир топ олуттуу кадамдар жасалды. Андай кырдаалдарда калктын коопсуздугун сактоо үчүн милиция кызматкерлери күнү-түнү кызматта болушту. Учурда ар бир кызматкердин алдында жооптуу тарыхый учур, тандоо турат. Келечекте республикабыз демократиялык принциптерде өнүгүшүнө салым кошуу милдети сиздердин колуңуздарда. Милиция саясаттан тышкары турат. Тартип сакчыларынын жалпы жамааты ар кандай чагымчыл аракеттерге бөгөт коюп, саясаттан алыс болуп, биринчи кезекте өз элибизге, мамлекетибизге ак кызмат кылып, элдин ишеничин актайлы. Милиционер болуу  — бул чоң сыймык жана өзгөчө зор жоопкерчилик. Милиция дайыма мамлекеттик системанын эң керектүү, эң күчтүү, эң зарыл тиреги болуп келген.

Кубаныч Зайнидинов,
сүрөтү Данислан Асамидиновдуку

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.