Финпол: мыйзамсыз 180 миллион доллар акча каражатын Кытайга алып бараткан факт аныкталды

Окуялар тизмеги 02 Ноя 2020 12:23
0 ой-пикир

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Чүй облусунун аймагында ыкчам-иликтөө иш аракетин жүргүзүп, атайын схема менен товар үчүн төлөм делген мыйзамсыз 180 миллион доллар акча каражатын Кытайга алып бараткан факт аныкталганын маалымдады.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, бул кылмыштуу топтун салыктан качкан мыйзамсыз аракети өлкө казынасына 1 миллиард сомдон ашык зыян келтирген. Бул фактыга шектүү катары 29-октябрда Бишкек шаарынын бир тургуну кармалып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал 30-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен тергөө абагына камакка алынды.

Учурда Финполиция мыйзамсыз акча ташыган схемага байланыштуу башка жарандарды аныктоо иштерин жүргүзүүдө. 

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.