Токтогул районунан жаран 295 грамм баңгизатты болжол менен 50 000 сомго сатып жаткан учурда кармалды

Окуялар тизмеги 02 Ноя 2020 17:01
0 ой-пикир

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды ташуу менен алектенген каналга бөгөт коюлду. Бул туурасында ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды ташуу менен алектенген жарандарды аныктоо жана алардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча атайын операция ийгиликтүү аяктады.
Жүргүзүлгөн атайын ыкчам тергөө иш-чаралардын натыйжасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан 295 грамм каннабистик топтогу баңгизатты болжол менен 50 000 сомго сатып жаткан учурда, баңгизаттарды сатуу каналын жөндөп алган 1988-жылы туулган А.Т. аттуу жаран кармалган.
Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусунун негизинде алынган каражат “гашиш” баңгизаты деп аныкталды.

Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 268, 275-беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, 295 грамм гашиш болжол менен 1180 дозаны түзүп, кармалган баңгизаттардын партиясы көмүскө базарына кирип кетсе, республика аймагындагы миңдеген жаштар баңгизаттарга көз каранды болуп калмак.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.