УКМК Садыр Жапаровду камоо тууралуу маалымат таратты

Окуялар тизмеги 31 Окт 2020 17:54
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы 31-октябрда билдирүү таратып, мекеменин жетекчиси Камчыбек Ташиевдин Садыр Жапаровду камоо тууралуу пикир жазганын төгүндөдү.

Мекеме мунун «фейк» экенин, жалган маалымат тараткан адамдардын жоопкерчилиги мыйзамдарда каралганын эскерткен.

Мунун алдында Камчыбек Ташиевдин «Фейсбуктагы» баракчасына окшош аккаунттан жазылган посттун скриншоту тараган. Андагы текстте «Садыр Жапаров оюн улам өзгөртүп турат, эгер коррупционерлерди кызматка коё берсе аны жеке өзүм камайм» жазылган.

Аккаунт Ташиевдин реалдуу баракчасындагы сүрөтү менен жасалгаланган, муну айрымдар анын пикири катары кабыл алып, бөлүшүп жиберишкен.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.