Жалал-Абадда сегиз жашар кыз зордукталды

Окуялар тизмеги 27 Окт 2020 15:41
0 ой-пикир

Сегиз жашар кызды зордуктады деген шек менен 29 жаштагы М.Н. кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, зордуктоо тууралуу билдирүү милицияга 7-октябрда түшкөн. Шаардык оорукананын фельдшеринин айтымында, кыздын жан жеринен кан агып токтобой жаткандыктан алып келишкен/

«Кызды тез жардам медиктери алып келди. Факты боюнча «Зордуктоо» беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары убагында 29 жаштагы М.Н. кармалып, ага шектенүү тууралуу күнөөлөө актысы берилип, иши сотко багытталды. Баш коргоо чарасынын алкагында жаран эки айга камакка алынды», — дешти ИИБден.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.