Бюджетке тогуз миллиард сомдук зыян келтирген коррупциялык схема аныкталды, — Финпол

Окуялар тизмеги 27 Окт 2020 12:29
0 ой-пикир

(Финпол) мамлекеттик бюджетке тогуз миллиард сомдук зыян келтирген коррупциялык схема аныкталганын кабарлады. Мекеменин 27-октябрдагы маалыматына караганда, бул схемага Социалдык фонддун жана Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү аралашкан деп шектелүүдө.

Финполдун маалымат кызматы билдиргендей, алар жогорку бийлик укуктарына ээ болуп туруп мыйзамсыз жана туруктуу байланыш түзүп, коомчулук менен мамлекеттин кызыкчылыгына коркунуч жараткан кен казуучу компаниялардын бирине артыкчылык шартын түзүп беришкен. Натыйжада ал компаниядан мамлекеттин бюджетине кошумча салык төлөмдөрү жана камсыздандыруу төлөмдөрү түшпөй калган.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин “Коррупция” деген 319-беренесинин негизинде каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.

Быйыл 28-сентябрда Кыргызстанда «2021-2024-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегия» бекитилген. Буга чейинки стратегия 2012-жылы кабыл алынган болчу. «Трансперенси Интернешнл» эл аралык уюмунун Кыргызстан боюнча изилдөөсүндө «2019-жылы саясат, акча жана коррупция үчөөнүн ортосунда байланыш болгон” деп жазылган. 

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.