Садыр Жапаров Кочкорго иш сапары менен барды

Окуялар тизмеги 25 Окт 2020 21:39
0 ой-пикир

Премьер-министр иш сапарынын алкагында Кочкор районунун Мантыш айылындагы социалдык шаарчанын пайдубалына капсула салуу аземине катышып, долбоор менен таанышкан. 

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев билдиргендей, социалдык шаарча боло турчу жердин аянты үч гектарды түзөт. Ал жайга бала бакча, мектеп, балдар аянтчасы, чакан футбол аянтчасы, ателье, эс алуу багы жана мечит салуу каралган. Ошондой эле ар бири төрт кишилик төрт үй жана эки адамдан турган үй-бүлө үчүн жети турак жай салынат.

DCIM\100MEDIA\DJI_0671.JPG

Маалым болгондой, аталган долбоорду «Катар Чарити» кайрымдуулук уюму толугу менен каржылайт. Максаты — аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана жетим балдарды колдоо. Курулуш иши 2022-жылга чейин бүтөрү айтылды.

Өкмөт башчы Катар мамлекетине көрсөтүп жаткан жардамы үчүн рахматын айтып, аймактарды өнүктүрүү кыргыз өкмөтүнүн негизги пландарынын бири экенин баса белгилеген.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.