Cадыр Жапаров шайлоо эмки жылга калтырылганын билдирди

Окуялар тизмеги 25 Окт 2020 19:05
0 ой-пикир

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Фейсбук баракчасында кыргыз элине кайрылды:

«Парламенттик шайлоо эмки жылдын биринчи жарымына чейин болот. 20-декабрьда парламенттик шайлоо болот деп туура эмес маалымат тараткандарга ишенбегиле. 10-январь 2021-жылы президенттик шайлоо болот. Андан кийин Кудай буюрса реформалар жүрөт. Андан кийин анан парламенттик шайлоо болот». Ушундай эле маалыматты ал Инстаграм (sadyr_japarov деген баракчасына) баракчасына да жазган. Эки баракча Садыр Жапаровдун жеке баракчалары экендиги тастыкталды.

Жапаров 23-октябрда өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумунда конституциялык реформа мыйзамга ылайык жүргүзүлөрүн, президенттик жана парламенттик шайлоо референдумдан кийин, мартка чейин өтөрүн билдирген.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мыйзамга ылайык парламенттик кайра шайлоо 20-декабрда болушу керек деген токтом чыгарган. 24-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту БШКнын токтомун мыйзамсыз деп тапты.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.