Сирия аймагындагы куралдуу чыр-чатактар зонасына жалданмачыларды жөнөтүү каналы аныкталды, — УКМК

Окуялар тизмеги 22 Окт 2020 11:48
0 ой-пикир

КР УКМК органы тарабынан улантылып жаткан контртеррористтик иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынан Сирия аймагындагы куралдуу чыр-чатактар зонасына жалданмачыларды жөнөтүү каналы аныкталып, анын ишине бөгөт коюлду.

2020-жылдын 20-октябрында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаранын тергөө амалдарынын негизинде сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 39-395-беренесинде каралган (Жалданмачылыкка аракет кылуу) кылмыш белгилери боюнча КР жараны М.М. кармалды Такталгандай, кармалган М.М. мурда жихадисттик идеологияга тартылып, транзиттик жол менен Кыргыз Республикасынан Сирияга эл аралык террористтик уюмдардын катарына кошулууга жөнөтүлгөн.

Өз учурунда көрсөтүлгөн иш-чаранын натыйжасында, жалданмачы адам Сирияга бараткан жолдо кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайынын киргизилген. Азыркы учурда жалдоого жана которуу каналына катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда. 

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.