Улуттук статистика комитети: аларга ишенүүгө боло турган маалыматтар

Окуялар тизмеги 21 Окт 2020 13:19
0 ой-пикир

Авланбек Жумабеков — атайын Еlgezit.kg үчүн

Урматтуу Акылбек Шакирович, бүгүн 20-октябрда бүткүл дүйнө жүзү Бүткүл дүйнөлүк статистика күнүн майрамдап жатат, сиздин кесиптик майрам тууралуу бир аз айтып берсеңиз.

2010-жылы 41-сессияда БУУнун Статистикалык комиссиясы Бүткүл дүйнөлүк статистика күнүн белгилөө жөнүндө чечимин кабыл алган. Ал эми ошол эле жылдын 20-октябрында биринчи жолу Бүткүл дүйнөлүк статистика күнү «Кызмат өтөө, кесипкөйлүк, абийирдүүлүк!» деген девиздин алдында өткөрүлгөн. Расмий статистиканын маанилүүлүгүн жайылтуу жаатында абдан конструктивдүү натыйжаларга жетишилди, ошондуктан Бүткүл дүйнөлүк статистика күнүн беш жылда бир өткөрүп туруу чечими кабыл алынган. 2015-жылы экинчи жолу Дүйнөлүк статистика күнү «Чечимдерди натыйжалуу кабыл алуу үчүн статистика —  өнүгүүнүн натыйжалуу процесси үчүн статистика» деген лозунгдун алдында өттү.

Ушул жылы дүйнө жүзү Үчүнчү Дүйнөлүк статистика күнүн “Аларга ишенүүгө боло турган маалыматтардын жардамы менен дүйнөнү бириктиребиз” деген лозунгдун алдында белгиленип жатат. Бул тема улуттук статистикалык тутумдарда ишенимдин, ишенимдүү маалыматтардын, инновациялардын жана коомдук жыргалчылыктын маанилүүлүгүн чагылдырат.

Бүткүл дүйнөлүк статистика күнү өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсү үчүн статистикалык маалыматтардын маанилүүлүгүнө коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган. Статистикалык мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлери күн сайын так, объективдүү жана салыштырылуучу маалыматтарды чогултушат, алар ишкерлик жана социалдык ишмердиктер чөйрөсүндө көптөгөн өкмөттүк чечимдер үчүн негиз болуп саналат.

Статистика адамдардын жашоосуна алар таасир этүүчү тенденциялар жөнүндө маалыматты жана түшүнүктү берет. Өнүгүү процессинин ийгиликтүү жүрүшү үчүн жакырчылыктын деңгээли, билимге жеткиликтүүлүк, оорулардын жайылышы жана көптөгөн башка нерселер жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана алардын статистикалык талдоосу керек.

Мамлекеттин жана коомдун  жашоосунда статистиканын ролун сиз кандай баалайсыз?

Улуттук статистикалык тутумдар коомдун жана бүтүндөй мамлекеттин  туруктуу өнүгүү тутумунун маанилүү элементи болуп саналаарын белгилеп кетким келет. Мамлекеттик статистика органдарынын негизги милдети — маалыматтарды чогултуу жана иштетүү, алардан дээрлик ар бир башкаруу чечими негизделет.

Статистика — бул коомдо жүрүп жаткан социалдык-экономикалык, демографиялык жана коомдук-саясий процесстерди чагылдыруучу күзгү десек аша чапкандык болбос. Бул чынында эле мамлекеттин санариптик негизи.

Азыркы учурда Улутстатком тарабынан дээрлик 4 млрд-га жакын баштапкы көрсөткүчтөр чогултулат жана иштетилет, жылына 24 миңден ашык статистикалык иштер аткарылат.  Маалымат колдонуучулардын кеңири чөйрөсүнө 350 статистикалык жыйнактар жана басылмалар, ошондой эле  республиканын жана анын региондорунун экономика жана социалдык чөйрөсүн өнүктүрүүнүн ар кандай маселелери боюнча 900 экспресс-маалыматтар сунушталат.

Ушул жылы БУУнун Экономикалык жана Социалдык кеңешинин Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги Саясаттык форумунун алкагында Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашыруунун биринчи Улуттук ыктыярдуу обзорун көрсөткөнү белгилүү.  Ушуга байланыштуу Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) жана ушул маанилүү иш-чарада Улутстаткомдун ролу тууралуу билүүгө болобу.  

2015-жылдын сентябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун саммитинде дүйнө лидерлери тарабынан кабыл алынган, Күн тартиби 2030 баяндалган Туруктуу Өнүгүүнүн 17 Максаты 2016-жылдын 1-январында расмий түрдө күчүнө кирген.

Туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттар бул биздин планетанын бакубатчылыгын жакшыртууга жана коргоого карата максатталган иш-аракеттерге чакыруу болуп саналат. Мамлекеттер жакырчылыкты жоюу боюнча иш-чаралар экономикалык өсүштү күчөтүү жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо жана жумуш менен камсыз кылуу, ошондой эле климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатында бир катар маселелерди чечүүгө болгон күчтөргө параллелдүү кабыл алынышы керектигин моюнга алышат.

Башка сөз менен айтканда, Туруктуу Өнүгүү жаатында Күн тартиби 2030 – бул адамзаттын кадыр-баркын коргоого жана бүгүнкү күнү да, ошондой эле келечекте да, тынчтыкты жана бакубатчылыкты камсыз кылууга багытталган глобалдуу иш-аракеттердин планы. «Биздин дүйнөнүн өзгөрүшү: Күн тартиби 2030» аттуу жыйынтыктоочу документ: 17 глобалдуу максатты, 169 тийиштүү маселелерди жана алардын мониторингинин 232 көрсөткүчүн камтыйт.

Статистикалык комиссия, глобалдык көрсөткүчтөрдү чогултуу, салыштырылуучулук жана жеткиликтүүлүк ж.у.с. катары расмий статистика жаатында БУУнун расмий статистикасынын негиз болуучу принциптерине ылайык, расмий статистикалык маалыматтардын салыштырыла турган жана стандартташтырылган расмий статистиканын негизинде жүргүзүлүшү керек деп аныктады. Ошондуктан,  Кыргыз Республикасы тарабынан алынган милдеттенмелеринин алкагында Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүү көрсөткүчтөрүнүн мониторинги жана отчеттуулук тутумун ишке ашыруу үчүн жооптуу, негизги орган болуп Улутстатком саналат.

Коомчулук үчүн Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) тууралуу статистикалык маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн Улутстатком кандайча камсыздайт?

Азыркы учурда БУУнун Статистика бөлүмү жана Улуу Британиянын Статистика комитети менен бирге кызматташууда Улутстатком тарабынан Туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ) көрсөткүчтөрү үчүн Улуттук отчеттуулук платформасы иштелип чыккан, анда  маалыматтар жана 102 глобалдуу жана 57 Туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ) көрсөткүчтөрү үчүн метамаалыматтар жайгаштырылган.

Андан тышкары, жакында эле басылмадан «Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өнүгүү максаттардын көрсөткүчтөрүнүн мониторинги» статсистикалык жыйнагы басылып чыкты, Бул басылманын максаты — коомчулукка өлкөдөгү туруктуу өнүгүүнүн учурдагы абалы жана прогресси жөнүндө маалымат берүү, ошондой эле ТӨМдү ишке ашырууда ийгиликке жетишүү үчүн андан аркы артыкчылыктуу кадамдарды аныктоого көмөктөшүү.

Маалыматтардын дезагрегациясы деген эмнени билдирет жана бул эмне үчүн Туруктуу өнүгүү максаттарынын  (ТӨМ) мониторинг талаптарынын бири болуп саналат?

Жогорурда белгиленгендей, Туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ)Күн тартибинин негизги чакырыгы — эч кимди артта калтырбаш керек деген чакырык. Ушуга байланыштуу,  Улутстатком Туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ)көрсөткүчтөрүнүн жынысы, жашы, улуту, географиялык жайгашуусу, миграция абалы, ошондой эле ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын бөлүнүшү жана дезагрегациялоо боюнча көп иштерди жүргүздү. Бүгүнкү күндө Туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ)   жеткиликтүү көрсөткүчтөрүнүн ичинен 35 көрсөткүч жынысы боюнча, 23 көрсөткүч – жашы боюнча, 34 көрсөткүч — географиялык жайгашуусу боюнча дезагрегацияланышы (бөлүнүшү) мүмкүн.

Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ)  боюнча маалыматтарды чогултуу үчүн сиздер кайсы булактарды колдоносуздар?

Туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ)Күн тартиби 2030 мониторинги – бул  статистикалык органдар үчүн кандайдыр бир чакырык экендигин белгилей кетүү керек. Туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ)контекстиндеги маалыматтарды жана маалыматтык көйгөйлөрдү чечүү, бул жаңыча ой-жүгүртүү, жаңыларды издөө үчүн иштерди жүргүзүүдө тез жана чыгармачыл жолдорду табуу үчүн заманбап технологияларды колдонууну талап кылат. Башкача айтканда, болгон технологиялардын негизинде алар мурдатан эле бекемделип курулган маалыматтардын жаңы булактарын, жаңы платформаларды, жаңы бизнес-процесстерди колдонушубуз керек. Азырынча биз мамлекеттик статистика тутумунда, ошондой эле министрликтер жана мекемелерде жүргүзүлгөн маалыматтарды гана колдонобуз. Бирок, жаңы маалыматтар үчүн  жаңы булактарды, анын ичинде “чоң маалыматтарды” колдонууну кубануу менен кабыл алабыз.

Туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ) көрсөткүчтөрү үчүн мониторинг жана отчеттуулук тутумун түзүү учурунда кандай кыйынчылыктар жаралат?

Мен эки көйгөйдү белгилеп айтат элем. Биринчиси — дезагрегация (бөлүнүү), бул маалыматтардын 7 ден ашык белгилери боюнча бөлүнүшүн талап кылат, ал эми бул статистиктер үчүн кошумча күч-аракетти талап кылат. Экинчи кыйынчылык, бул маалыматтардын агымдарын координациялоодон турат, себеби мониторинг жана отчеттуулуктун бирдиктүү тутумун түзүү үчүн Улутстаткомдун маалыматтары жетишсиз жана башка булактардан маалымат чогултууда муктаждык бар.

Менин билишимче, Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) бардыгыбыздын жана ар бирибиздин кызыкчылыктарга таасир этет. Ошондуктан Улутстаткомдун башка кызыкдар ведомстволор менен өз ара иш-аракеттерин Сиз кандайча баалайсыз,  ушул тууралуу билүүгө болобу.

Өз ара иш-аракет маселелери тууралуу айтсам, Улутстатком аны күчөтүү үчүн бардык кызыкдар жактар менен жигердүү иш алып барат, ал үчүн байланыш аянтчаларын түзөт. Мисалга алсак, ага массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ай сайын пресс-конференциялар өткөрүлөт, аларда өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы тууралуу, анын ичинде Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ)  жөнүндө маалыматтар берилет. “Ачык эшик күндөрү” өткөрүлүп турат, анда да Туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ) мониторинги жана отчеттуулук тутумунун курулушу жөнүндө маалыматтар берилет;, ошондой эле  журналисттер үчүн пресс-клубдар уюштурулуп турат.

Урматтуу Акылбек Шакирович, маегибиздин акырында Туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ)  мониторингинин алкагында Улутстаткомдун мындан аркы кадамдары тууралуу айтсаңыз.

Азыркы учурда Улутстатком бир нече ири багыттар боюнча иш жүргүзүп жатат. Биринчиси —  бул Туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ)  көрсөткүчтөрү үчүн  мониторинг жана отчеттуулуктун тутумун түзүү боюнча иш-аракеттердин деталдуу планын камтыган Туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ) мониторинги боюнча Стратегияны даярдоо. Экинчиси — бул, колдонуучулар жана өндүрүүчүлөр менен өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүүгө багытталган Туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ)  мониторингинин алкагында колдонуучулар менен өз ара аракеттенүү тууралуу коммуникациялык стратегияны даярдоо.

Мындан ары, биз Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) боюнча методологиясын жана метамаалыматтарын иштеп чыгууну жана  көнүктүрүүнү ойлоп жатабыз. Глобалдуу жана улуттук көрсөткүчтөр үчүн Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ)  боюнча метамаалыматтар жыйнагын даярдоо пландаштырылууда. Маалыматтарды жайылтуунун Улуттук платформасын куруу боюнча да иштер улантылат. Бул глобалдуу да, улуттук боюнча да, анда Туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ)  бардык көрсөткүчтөрү жайгаштырыла турган онлайн платформасы болот. Бул улуттук статистика тутумунда гана жүргүзүлгөн Туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ) көрсөткүчтөрүн гана эмес, башка булактардан алынган маалыматтарды да жайылтууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, санариптештирүүнүн алкагында Улутстатком макро-маалыматтарды сактоонун бирдиктүү тутумун ишке кииргизүүнү пландаштырууда, ал бардык маалыматтарды бир бирдиктүү базага интеграциялоого мүмкүндүк берет жана аны менен бирге иштердин кайталанышын (дублирования) жоюуга жана каталардын санын азайтууга мүмкүндүк берет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.