Райымбек Матраимовду Биринчи май райондук соту камаган жок

Окуялар тизмеги 21 Окт 2020 09:11
0 ой-пикир

 Райымбек Матраимов тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып бергендиктен камакка алынган жок. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды. УКМКнын ыкчам кызматкерлеринин курчоосунда чыккан Райымбек Матраимов журналисттердин суроолоруна жооп берген жок. Матраимовдун жактоочусу ал тергөө менен кызматташууга макул болгон үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып бергени үчүн камалбаганын билдирди.

УКМК Райымбек Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлаган. Анын тарапкерлери Матраимов өз эрки менен атайын кызматка келгенин билдирген.

УКМК Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганы жөнүндө маалымат тараткан.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.