УКМК: Райымбек Матраимов кармалды

Окуялар тизмеги 20 Окт 2020 12:27
0 ой-пикир

20-октябрда бажы органдарындагы коррупцияга байланыштуу сотко чейинки териштирүү алкагында Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекттик комитетке (УКМК) жеткирилди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Атайын кызмат Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын белгиледи. УКМК билдиргендей, азыркы тапта тийштүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.