Шайлоонун эрежелери кайра каралат

Окуялар тизмеги 20 Окт 2020 18:18
0 ой-пикир

Бишкекте шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча жыйында сүйлөп жатып парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов билдирди:

«Парламентте «жок дегенде беш пайыз» деген талкуу бар. Биз үч деп турабыз азырынча. Үч деген мыйзамды биринчи окууда комитеттен араң өткөрдүк. Эртең пленардык жыйын болот. Андан өткөрүп, анан экинчи, үчүнчү окуудан тез арада өткөрүп берсек, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) күтүп жатат».

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитети 16-октябрдагы жыйынында шайлоо мыйзамына сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү биринчи окуудан өткөргөн. Сулайманов баш болгон бир катар депутаттар шайлоо босогосун азыркы жети пайыздан үч пайызга төмөндөтүүдөн тышкары беш миллион сомдук күрөөнү бир миллион сомго чейин азайтуу жана форма №2 менен добуш берүү ыкмасын жокко чыгаруу боюнча өзгөртүүлөрдү сунуш кылышкан.

Азыркы мыйзам боюнча Кыргызстанда парламентке өтүш үчүн шайлоого катышкан партиялар жалпы добуштардын жети пайызынан көбүн алышы зарыл.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.