Райым Матраимов мамлекетке келтирилген чыгымды төлөп берүүгө даяр

Окуялар тизмеги 20 Окт 2020 19:54
0 ой-пикир

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке келтирилген чыгымды төлөп берүүгө даяр. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык, Матраимовдун кылмыштуу аракеттеринин кесепетинен мамлекет эки миллиард сом зыян тартканы аныкталган.

«Матраимовдун күнөөсүн аныктаган далилдердин негизинде, ага КРнын Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча кылмышка шектүү экендиги тууралуу билдирме берилген. Белгилей кетсек, Р. Матраимов тергөө менен кызматташа тургандыгын айтып, Кыргыз Республикасынын бюджетине келтирген, жогоруда айтылган сумманы толугу менен атайын түзүлгөн графиктин негизинде 2020-жылдын ноябрь айынын аягына чейин төлөп берүүгө даяр экендигин билдирди. Аны менен катар алгачкы 80 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражатын УКМК депозиттик эсебине которду», деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасы сотто бүгүн аныкталарын УКМК кошумчалады.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.