Нариман Түлеев ага карата козголгон кылмыш иштерине байланыштуу Жогорку сотко кайрылат

Окуялар тизмеги 20 Окт 2020 18:45
0 ой-пикир

Нариман Түлеев өзүнө козголгон кылмыш иштерине байланыштуу Жогорку сотко кайрыла турганын 20-октябрда басма сөз жыйынында жарыялады.

Эске салсак, Нариман Түлеев Бишкекти 2008-2010-жылдары башкарган. Кийин коррупция үчүн айыпталып, 11 жылга кесилген. 2016-жылы мамлекет тарткан зыянды төлөп берип, мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулган. Соттун чечими менен анын бир нече мүлкү конфискацияланып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүлгөн. 

Түлеев өзүнүн соттуулугу быйыл августта алынганын билдирди.

«Жакынкы күндөрдө Жогорку сотко кайрылам. Мен баарыңарды ошол жакка чакырам. Бизди 2012-жылы күбөлөрдүн көрсөтмөсү жок соттоп жиберишкен. Мен Жогорку сот ишти бир күндө эмес, кылдат карап чыгышын, биз күнөөлүүбүзбү же жокпу, баарына түшүнүктүү болушун каалайм».

Ушул эле басма сөз жыйынында Бишкектин мэри Азиз Суракматов кызматын тапшырганын жана биринчи вице-мэр болуп Нариман Түлеев дайындалганын жарыялаган. Мыйзам боюнча мэр кызматтан кеткенде анын милдетин биринчи вице-мэр аткарып калат. Бишкектин мэрин шаардык кеңеш шайлоого тийиш.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.