Казынага келтирген эки млрд. сомдук чыгымдын 80 млн. сому 20-октябрь күнү УКМКнын эсебине келип түштү

Окуялар тизмеги 20 Окт 2020 20:56
0 ой-пикир

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупция боюнча айыпталып, бүгүн, 20-октябрда кармалган Райымбек Матраимов Биринчи май райондук сотуна жеткирилди. Сот анын бөгөт чарасын карай турганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдараак кабарлаган. УКМКнын маалыматында сотто Матраимовдун тергөө менен кызматташтыкка барганы жана келтирилген чыгымдын бөлүгүн төлөгөнү эске алынары кабарланган.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, эл ичинде «Раим миллион» деген каймана аты бар Райымбек Матраимов бүгүн, 20-октябрда кармалган.

Атайын кызмат Матраимов мамлекеттик бюджетке келтирген эки млрд. сомдук чыгымды төлөөгө даяр экенин, анын 80 млн. сому 20-октябрь күнү УКМКнын эсебине келип түшкөнүн маалымдаган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.