Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

Окуялар тизмеги 19 Окт 2020 19:03
0 ой-пикир

Президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алып, макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу, банк жана төлөм системасынын коопсуздугу боюнча маселелерди жана валюта рыногундагы соңку абалды талкуулады. Бул тууралуу 19-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жапаров каржы-банк системасынын жана улуттук валютанын туруктуулугун камсыз кылуунун зарылдыгын белгилеп, экономика кабылган коркунучтарды азайтууга чакырды.

Соңку бир айдан бери 79 сомдун тегерегинде болуп турган доллар 16-октябрда дээрлик 82 сомго жеткен. Бүгүнкү күнгө карата Улуттук банк сомдун долларга карата расмий курсун 81,79 сом деп аныктады.

Улуттук банк 15-октябрда 17,1 миллион доллар өлчөмүндө интервенция жүргүзүп, бул кадамга акыркы күндөрү доллардын курсу кескин көтөрүлүп кеткени себеп болгонун билдирди.

Жыл башынан бери эсептегенде Улуттук банк 14 жолу интервенция жүргүзүп, жалпысынан 303 миллиондон ашуун доллар сатты.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.