Коронавирус акыркы суткада 482 адамдан аныкталды

Окуялар тизмеги 19 Окт 2020 11:48
0 ой-пикир

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 19-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы суткада дагы 482 кишиден вирус аныкталды.

Акыркы эки аптадан бери биринчи жолу бир суткада киши өлүмү катталган жок. Өтуөн жума ичинде жалпысынан коронавирус илдети жуккан 25 киши каза болгон. Буга чейин коронавирус жугузуп алгандан кийин кайтыш болгондордун саны 1111 кишиге жеткени маалымдалган.

Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 52 526 адамды түздү. Анын 45 863ү сакайганы айтылды. Бир күндө 127 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 2550 бейтап стационарда, 2518и үй шартында дарыланууда.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.