Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бакыт Калмуратов УКМКга суракка чакырылды

Окуялар тизмеги 19 Окт 2020 17:19
0 ой-пикир

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев жана Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бакыт Калмуратов УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу Акипресс агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Калмуратов менен Жамгырчиев учурда Коррупцияга каршы күрөшүү кызматында отурушат.

Эскерте кетсек Эмир Эмилканов аттуу ишкер аткезчилик жол менен келип, колго түшкөн өрдөктүн этин чыгарып алуу үчүн Өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары Бакыт Калмуратовго 50 миң доллар пара берген. Ал Эмил Жамгырчиев аркылуу маселени чечем деген убадасын аткарбай койгон. Жыйынтыгында тескерисинче пара берген үчүн Эмир Эмилканов жоопко тартылып, шарттуу түрдө кесилген.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.