ИИМ: Кыргызстандын аймагында абал туруктуу жана укук тартибин коргоо органдарынын толук көзөмөлүндө

Окуялар тизмеги 19 Окт 2020 12:51
0 ой-пикир

Бул тууралуу 19-октябрда Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Мекеме “Өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук тартибин коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат” деп билдирди.

ИИМдин маалыматына караганда, 18-октябрга карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине бир күндө 138 кылмыш жана 107 жорук каттоого алынды.

Милиция жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик коошундар менен биргеликте коомдук тартипти камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.