Бишкекте милиция адашып кеткен 7 жашар баланы таап берди

Окуялар тизмеги 19 Окт 2020 10:26
0 ой-пикир

Бишкекте милиция адашып кеткен 7 жашар баланы таап берди, — деп кабарлайт Милициянын кайгуул кызматкерлери басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 16-октябрында болжол менен саат 18:56лар чамасында Бишкек шаардык милициясынын «102» кызматына Көлмө жаңы конушунда кичинекей бала жоголду деген маалымат түшкөн.

«Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматкерлери келишкен. 1992-жылы туулган М. Б аттуу келин 2013-жылы туулган баласы үйдө ойноп чыккан боюнча дайынсыз болуп жаткандыгын айтып, жардам сураган. Чакыруу менен келген Милициянын кайгуул кызматкерлери Жунусалиев С. жана Айдаров К. ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-аракетин жүргүзүп, аз убакыттын ичинде баласын таап, ата-энесине аман-эсен өткөрүп беришти. Өз кезегинде баланын апасы Милициянын кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине ыраазычылыгын билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.