Сооронбай Жээнбеков кетер алдында Аликбек Жекшенкуловду кызматтан алган

Окуялар тизмеги 17 Окт 2020 11:46
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетер алдында Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловду кызматтан алганы белгилүү болду. Тиешелүү жарлык 16-октябрда өкмөттүк “Эркин Тоо” гезитине жарыяланды. Андагы маалыматка ылайык, элчи «ишенимди жоготту» деген түшүндүрмө менен кызматтан алынган. Бул боюнча президенттин басма сөз кызматы расмий билдирүү тараткан эмес.

Сооронбай Жээнбековдун кызматтан мөөнөтүнөн мурун кеткени тууралуу маалымат 15-октябрда жарыяланган. Ал мындай кадамга 6-октябрдан кийин түзүлгөн кырдаалдан улам өлкөнү мыйзам нугуна кайтаруу, элдин тынчтыгы үчүн барганын айткан.

Жээнбеков кызматтан кетер алдында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Коррупцияга каршы күрөш кызматын жоюп салганы жума күнү белгилүү болду.

Аликбек Жекшенкулов 2019-жылдын февраль айында Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп дайындалган.

Аликбек Жекшенкулов бул жарлык боюнча комментарий бере элек.

2019-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Жекшенкулов Аликбек Жекшенкулович Кыргыз Республикасынын Россия элчиси болуп дайындалган болчу.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.