Министр Улан Ниязбеков Бишкек шаарынын ИИББдин өздүк курамы менен жолукту

Окуялар тизмеги 17 Окт 2020 13:18
0 ой-пикир

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгына барып, башкармалыктардын, кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилери жана өздүк курамы менен жолугуп, коомдук тартипти камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүүнү күчөтүү маселелерин талкуулады.
Министр башкы тапшырманы-биздин иштин критерийи болуп бүгүнкү күндө калыптанып жаткан укуктук тартиптин абалы жөнүндө коомдук пикир эсептелерин белгилеп өттү.
«Милиция саясаттан тышкары турат. Биз эч кандай саясий кызыкчылыктарды көздөбөйбүз. Тартип сакчыларынын негизги милдети. Бул биздин башкы жана негизги тапшырмабыз. Бүгүн жыйында катышып жаткандардын жана өздүк курамдын бардыгы Бишкек шаарында ыктыярдуу элдик кошуундар менен бирге коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырам»,-деп Улан Ниязбеков билдирди.


Жыйындын жүрүшүндө ИИМдин башчысы Бишкек ШИИББдин ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнө токтолуп, укуктук тартипти жана жарандардын коопсуздугун талкуулап, коомдук коопсуздук жана кылмыштуулук менен күрөшүү багытында иштерди күчөтүү боюнча бир катар тапшырмалар койду. Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын натыйжалуулугун жогорулатуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо, милицияга болгон калктын ишенимин арттыруу маанилүү тапшырма болгондуктан, бул багыттарда иштерди алгылыктуу алып баруу керектигин белгиледи. Ар бир милиция кызматкери мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти катуу сактап, жарандар менен баарлашууда сылык жана так болуп, профессионалдык жөндөмдөрүн, билимдерин өнүктүрүү керектигин айтып өттү. «Өлкө үчүн оор учурда ИИОнун кызматкерлери өз өмүрлөрүн жана ден соолуктарын тобокелге салып жогорулатылган өзгөчө режимде иштеп жатат. Милиция кызматкерлери укуктук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун жана бейпил жашоосун камсыздоо үчүн күнү-түнү кызматын өтөөдө»,-деп Улан Ниязбеков билдирди.
Жыйындын соңунда министр Бишкек ШИИББдин өздүк курамына ыраазычылык билдирип, министрликтин жетекчилиги кызматкерлерине ар дайым колдоо көрсөтөөрүн баса белгиледи.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.