COVID-19 илдети акыркы суткада 5 адамдын өмүрүн алды

Окуялар тизмеги 17 Окт 2020 12:00
0 ой-пикир

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 17-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада беш бейтап каза болду. Алардын үчөө Ош облусунда, бири Нарында, дагы бири Бишкекте.

COVID-19 илдети акыркы суткада дагы 470 кишиден жаңы аныкталды. Мурда ооругандардын 221и айыкты.

Оору жаңы такталган учурлар:

  • Бишкек — 98;
  • Жалал-Абад облусу – 98;
  • Ош облусу — 97;
  • Баткен облусу — 82;
  • Ош — 38;
  • Чүй облусу – 32;
  • Ысык-Көл облусу – 17;
  • Талас облусу — 7;
  • Нарын облусу — 1.

Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 51490 адамды түздү. Анын 1108и жашоо менен кош айтышып, 45 509у сакайды.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 2353 бейтап стационарда, калганы үй шартында дарыланып жатат.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.