Садыр Жапаров шайлоого катыша албайт

Окуялар тизмеги 16 Окт 2020 15:38
0 ой-пикир

Президенттин да милдетин аткарууга киришип жаткан премьер-министр Садыр Жапаров алдыда боло турган президенттик шайлоого катыша албайт. Буга мыйзам жол бербей турганын 16-октябрда парламенттин кезексиз жыйынында сүйлөп жатып «Ата Мекен» партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев билдирди.

Ал Жапаровго кайрылып, президенттик шайлоого достору жана партиялаштары да катышпаса туура болорун жана шайлоолорду өткөрүү мөөнөтүн, тартибин өзгөртүү аракети өлкөдө саясий туруктуулукка шарт түзбөй турганын белгиледи:

«Бүгүнкү убактылуу өкмөттүн негизги милдеттеринин бири – таза жана калыс шайлоо өткөрүү. Мамлекет башчынын милдетин аткарган премьер-министр президенттик шайлоого катыша албайт. Бул адилеттүү чектөө, анткени эч ким өз статусунан ашыкча пайдаланбасын деген чек Конституцияда так белгиленген. Эгер премьер-министрдин жан досу, жакын партиялашы президенттик шайлоого катышса шайлоо адилеттүү өткөнүнө эл ишенеби? Эгер премьер-министр өзү катышпаса да шайлоого катышып жаткан анын жакындары өз статусун ашыкча пайдаланган жок дегенге эл ишенеби? Ошондуктан, Садыр Нуркожоевич, сиздин жакын чөйрөңүз президенттик шайлоого катышпаса Кыргызстан алдыга койгон максаттарга жетишине жакшы шарт түзүлөт эле».

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.