Экс-президент: «Кудай алдында жана элдин алдында жүзүм жарык»

Окуялар тизмеги 16 Окт 2020 11:22
0 ой-пикир

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында ушу тапта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп жатат. Анда каралып жаткан маселелердин бири — президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасы.

Жогорку Кеңешке келген экс-президент Сооронбай Жээнбеков депутаттардын алдында сүйлөп жатып, 6-октябрдагы окуядан кийин өлкөнү мыйзам нугуна кайтаруу, элдин тынчтыгы үчүн болгон күч аракетин жумшаганын белгиледи. Жарандык коом менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын аракети үчүн ыраазычылык билдири. Бишкек шаарын кайтарган элдик кошуунчуларга рахматын айтты.

Орусия, Казакстан, АКШ, Британия өлкөлөрүнө, Бириккен улуттар уюмуна, Европа Биримдигине кайдыгер карабагандыгы үчүн ыраазычылыгын айтты.

Элдин биримдиги, ар бир адамдын өмүрү кызмат ордунан кымбат экенин белгиледи.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.