Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстандагы чечимдерди Конституциянын алкагында кабыл алууга чакырды

Окуялар тизмеги 16 Окт 2020 11:06
0 ой-пикир

Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстандагы саясий күчтөрдү “өлкөнүн алдыга жылышына” байланыштуу чечимдерди Конституциянын алкагында кабыл алууга чакырды. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Антониу Гутерриштин басма сөз өкүлү Стефан Дюжаррик 15-октябрда Нью-Йорктогу маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, БУУ Кыргызстандагы тез өнүгүп жаткан кырдаалга көз салып жатат жана Садыр Жапаровдун премьер-министрликке дайындалганын, ошондой эле президент кызматтан кеткенден кийин анын милдеттерин өткөрүп алганын эске алууда.

“Биз Кыргызстандагы бардык оюнчуларды өлкөнү илгерилеткен чечимдерди бардык тараптар камтылган, ачык-айкын шартта, кыргыз Конституциясынын алкагында кабыл алынышын камсыз кылууга чакырабыз”, — деп билдирди Стефан Дюжаррик.

Ал баш катчынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман бейшембиде Бишкекке келгенин, жума күнү азыркы кырдаалдын тынч жол менен чечилиши үчүн тиешелүү тараптар менен сүйлөшүү өткөрө турганын кошумчалады.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.