Сооронбай Жээнбеков 12 аткаминерди жумушунан бошотту

Окуялар тизмеги 15 Окт 2020 09:21
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 14-октябрда, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым мүчөлөрүн кызматтан бошотуу тууралуу» Жарлыкка кол койду.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, кызматтарынан бошотулду:

— Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Асрандиев Эркин Шамшудинович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Мадумаров Акрам Камбаралиевич мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Темиралиев Таалайбек Асанбекович мурда жүктөлгөн Өкмөттүн Аппаратынын жетекчиси — Кыргыз Республикасынын министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Айдарбеков Чыңгыз Азаматович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Жээнбаева Бактыгүл Жаныбековна мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын каржы министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Бейшенов Жанат Саматович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Аскаров Замирбек Марипбаевич мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Исаков Каныбек Абдуваситович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Жунушалиев Кашкар Астаканович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын ички иштер министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Абдикаримов Сабиржан Токтосунович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Жаманкулов Азамат Капарович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Осмонбетов Эмил Кубатович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынын милдеттерин аткаруудан.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.