ИИМ: Республиканын аймагында абал туруктуу жана толук көзөмөлдөнүп жатат

Окуялар тизмеги 15 Окт 2020 10:19
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат, — деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы.

Просмотреть запись

Ал эми, өлкөдө түзүлгөн кырдаалга жана Бишкек шаарынын аймагында киргизилген өзгөчө абал шартында ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.
Республика боюнча 2020-жылдын 14-октябрына карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 330 кылмыш менен жоруктар катталган. Анын ичинен 187 кылмыш, 143 жоруктар. Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Андан сырткары, милициянын ишмердүүлүгү жол транспорттук кырсыктарды, жол кыймылынын коопсуздугун бузууну алдын алууга, укук бузууларды жанан мыйзамсыз иш-аракеттерди болтурбоого багытталган.
Өткөн бир күн ичинде жалпысынан 16 жол транспорттук кырсык катталып, андан 4 жаран каза болуп, 27 жаран денелеринен ар кандай жаракаттарды алышты.
Ыктыярдуу элдик кошундар республиканын бардык аймактарында түзүлүп жаткандыгын белгилеп кетүү керек. Республика боюнча 10 миңге жакын ыктыярдуу элдик кошундар тартылып, коомдук тартипти сактоону камсыздоо жана жарандарды коргоо үчүн укук коргоо органдарына жардам берүүдө.
Өлкөдө ыкчам кырдаал көзөмөлдө жана укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө.
Ички иштер министрлиги Бишкек шаарында киргизилген Өзгөчө абал менен коменданттык сааттын талаптарын аткарууга чакырат. Бекитилген эрежелерге жана чектөөлөргө түшүнүү менен кабыл алууну, ички иштер органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийүүнү суранат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.