Садыр Жапаров: «Журналисттерге мамлекеттин эсебинен кайтаруучу бөлүп бергенге даярмын”

Окуялар тизмеги 14 Окт 2020 20:30
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Садыр Жапаров коррупциянын бетин ачкан журналисттерге мамлекеттен колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.

Бүгүн, 14-октябрда өкмөт башчылык кызматка дайындалгандан кийинки алгачкы пресс-конференциясында кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып ал коррупция тууралуу жазгандардын жардамына муктаж экенин айтты:

“Мага жардамыңар керек болот коррупциялык элементтерди иликтеп чыксаңыздар. Бирок реалдуу түрдө, адилеттүүлүк менен. Эптеп эле бурмалап, жокту бар кылып койбостон, бардык фактылар менен алып келсеңиздер, маселени ачсаңыздар ал иликтөөсүз жана жазасыз калбайт. Сиздер, журналисттер көп нерсени билесиздер. Сөзсүз реакция кылам. Эгер өмүрүңөргө коркунуч болсо мамлекеттин эсебинен кайтаруучу бөлүп бергенге даярмын”, — деди премьер.

Быйыл коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 126-орунга жайгашты. Былтыр өлкө 132-орунда болчу.

Президент Жээнбеков быйыл 29-августта «Биринчи радиодогу» маегинде коррупцияга каршы күрөштө чоң же майда коррупция деп бөлүүгө болбой турганын, ууруга уурудай мамиле кылыш керек экенин белгилеген.

«Transparency International» уюму Кыргызстанда экономикалык бюрократия, саясий жемкорлук, трайбализм экономикалык өнүгүүгө жолтоо болууда деп эсептейт.

Коомчулукта өлкө жетекчилигинин жемкорлукка каршы күрөш тууралуу айткандары ишке ашпай жатканы жөнүндө пикирлер айтылып келатат.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.