Премьер-министр митингчилерден эртең саат 11ге чейин тарап берүүлөрүн суранды

Окуялар тизмеги 14 Окт 2020 22:34
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Садыр Жапаров 14-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуудан кийин Өкмөт Үйүнүн алдындагы митингчилердин алдына келип маалымат берди.

«Эртең саат 11ге чейин суранып, силердин алдыңарга келдим. Сүйлөшүүлөр уланат. Ал кетет. Эртең саат 11ге чейин тарап бериңиздер. Эгер эртең да жыйынтык чыкпаса, мен өзүмдөн жоопкерчиликти алып салам», — деди Жапаров.

Митингчилер аны укпай, резиденцияга барууга чакырып атышты.

Мурдараак президенттин басма сөз кызматы бүгүнкү мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен өкмөт башчы Садыр Жапаровдун жолугушуусунда президент кызматынан өлкөдө кырдаал турукташканда – парламенттик шайлоо өткөрүп, жаңы президенттик шайлоо жарыялап коюп, анан кетерин айтканын билдирген.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.