ИИМ: Жарандарды мамлекеттик органдардын расмий маалыматтарына гана ишенип, чагымчыл, жалган маалыматтарды таратпоого чакырат

Окуялар тизмеги 14 Окт 2020 13:55
0 ой-пикир

Жакында социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козутуп сүйлөгөн жарандын видеосу тарап, коомдук кызуу талкуу жараткан. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүндө (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматы тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, видеодогу жарандын өздүгүн такташкан. Ал Ош облусунун И.у.Т. жашоочусу экендиги аныкталды.
Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө И.у.Т. милиция кызматкерлерине улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган бул чагымчыл видеону тартпагандыгын, ал монтаждалгандыгын билдирген. “Мен кыргыз, казак элин бөлүп-жаргандан алысмын. Бул видео кантип монтаждалгынын мен билбейм, муну милиция кызматкерлери аныктап, тактап берет деген ишеничтемин”,- деп И.у.Т. билдирди.
Ички иштер министрлиги жарандарды расмий маалыматтарга гана ишенип, чагымчыл, жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. Коомдук тартипти бузган бардык жарандар милиция кызматкерлери тарабынан такталып, мыйзамга ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.