Аида Касымалиева: «Садыр Жапаров легитимдүү премьер-министр болуп келсин”

Окуялар тизмеги 14 Окт 2020 08:43
0 ой-пикир

Аида Касымалиева кечээ, 13-октябрь күнү Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын “Ала-Арча” резиденциясында өткөн кезексиз жыйынында айтты:

“Мени «Фейсбуктан» да, телефондон да коркутканыңарды токтоткула. Мен Садыр Жапаровдун премьер-министр болушуна каршы эмесмин, бирок ал легитимдүү премьер-министр болуп келсин”, -деди Касымалиева.

Аида Касымалиева акыркы күндөрү Садыр Жапаровдун тарапкерлери тараптан түрдүү коркутуулар болуп жатканын парламент трибунасынан билдирди.

4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгына нааразылык митинги башаламандыкка айлангандан кийин, Кыргызстанда саясий кризис башталды. Жогорку Кеңештин 6-чакырылышындагы депутаттар өкмөт башчыны шайлоо максатында бир нече жолу чогулууга аракет кылышты.

6-октябрда парламент депутаттарынын бир бөлүгү чогулуп, Дастанбек Жумабековду спикерликтен бошотуп, анын ордуна Мыктыбек Абдылдаевди шайлаган. Ошол күнү өкмөт башчылыкка массалык тополоң учурунда абактан бошотулган Садыр Жапаровдун талапкерлигин көрсөткөн.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.